• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши: Шаменов 3 адамдын иши кыскартылганын айтты

22 Жалган куран 2024 13:56 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов ушул эле иш боюнча айып тагылган 3 айыпталуучунун иши кыскартылганын билдирди. Бул тууралуу анын абактан жазган кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Орозайым Нарматованын, Талант Эшалиевдин жана Эмил Жайчиевдин кылмыш иштери кыскартылган.

“2022-жылы октябрь айында Кемпир-Абад берилбесин деген ой пикирибиз үчүн жалпысынан 29 адамга кылмыш иши козголуп, 27 адам камалганбыз. Аны баарыңыздар билесиздер. Арадан дээрлик бир жарым жыл убакыт өттү, анын ичинен табышмактуу сырлар менен сотко жетпей,Орозайым Нарматова, Талант Эшалиев, Эмил Жайчиевдердин үчөөнүн иши тергөөдөн бөлүнүп, кыскартылып кетти. Биринчи Май райондук сотуна болсо 25 айыпталуучунун иши өткөн эле, бүгүнкү күндө 9 адам СИЗОдо мыйзамсыз жатабыз”, — деп жазат ал.

Алардын иши кыскартылганы тууралуу укук коргоо органдары комментарий бере элек.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Количество просмотров: 146