• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар Асанов ооруканага жаткырылбаса сотко катышпай турганын айтышты

9 Үчтүн айы 2024 17:05 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчы, активисттер Бектур Асанов ооруканага жаткырылбай жатканын кабарлашты. Бул тууралуу маалымат Бул тууралуу камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Камакта отурган Бектур Асанов дарыгерлердин корутундусу боюнча 2024-жылдын 3-январында шаардык ооруканалардын биринде операция болуш керек эле. Бирок, тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин Асанов СИЗОдон чыгарылган жок. Абалы өтө оор. Аргасы кетип ачкачылык жарыялаганга чейин барды. Кемпир-Абадчылардын өтүнүчү менен аны кайра убактылуу токтотту. Эгерде жакын арада Бектур Асанов ооруканага чыгарылып, ага операция жасалбаса биз камакта отурган Кемпир-Абадчылар Асановду колдоо боюнча саясий акцияларды (ачкачылык жарыялоо, соттук отурумдан баш тартуу ж.б.) баштоого аргасыз болобуз»,-деп жазылат билдирүүдө.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Количество просмотров: 124