• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Кемпир-Абад» иши боюнча соттук териштирүүлөр жанданды

14 Баш оона 2023 10:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-августта Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөр уланды.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Количество просмотров: 103