Депутат Исхак Масалиев Кумтөр кенинен казылган алтындын сатылышын иликтей турган убактылуу депутаттык комиссияны жетектейт.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-октябрдагы жыйынында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКта алтындын казылышы менен сатылышын иликтей турган депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндөгү токтом долбоору жактырылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 59 эл өкүлү «макул» болду.
Белгилей кетсек, убактылуу депутаттык комиссия “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтейт. Аталган комиссиянын төрагасы – Исхак Масалиев, анын үч орун басары – Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова болду. Комиссияда азыркы учурда 20 мүчө бар экени айтылды.