Бүгүн, 12-декабарда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды.
Буга чейин Бишкек административдик соту Асанбековдун сот залынан бошотуу чечимин чыгарып, райондук соттун 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин үй камагына алмаштырган. Буга Асанбековдун ден соолугунун начарлашы себеп болгон. Ал 1-ноябрда ачкачылык жарыялап, 10 күнгө созулган.
Асанбеков сотто Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчылардын арасынан Равшан Жээнбековду гана тааный турганын, анын үйүн оңдоп иштеп жатканын айткан. Ал курулуш тармагында иштей турганын, саясатка тиешеси жок экенин билдирген.
Нурланбек Асанбековдун үйүнө 23-октябрда тинтүү жүргүзүлүп, өзү кармалган. 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга №1 тергөө абагына камалган.