Бүгүн, 9-апрелде Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөр уланды.
Соттук отурумда судья Марат Сыдыков шектүүлөрдү тартип бузду деген негизде сот залынан чыгаруу чечимин кабыл алып, саат 14:00го чейин тыныгуу жарыяланган.
Жактоочу Эркин Саданбеков төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Судья эреже бузуу менен отурумду өткөрүп жатат. Кемпир-Абад иши боюнча отурумду адвокаттар менен макулдашпай шейшемби күнү өткөрүү чечими кабыл алынган. Бул күндөрү көпчүлүк жактоочулардын башка жараяндары бар болгондуктан бүгүнкү отурумга келе алышкан жок. Натыйжада процесс 16-апрелде уланмай болду»,-деди Саданбеков.
Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Ишти Биринчи Май райондук соту 22-июндан тартып жабык карай баштаган. Айыпталуучулар сот жараяны ачык өтүшүн талап кылып келишет.