• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши: Саясатчы, активисттердин мүлкүн камакка алуу өтүнүчү келтирилди

24 Бугу 2023 17:02 Бишкек Govori.TV

«Кемпир-Абад иши» деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттердин мүлкүн камакка алуу өтүнүчү келтирилди. Бул тууралуу маалымат укук коргоочу Рита Карасартованын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү), 278-берене (Массалык баш аламандык уюштуруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Илгиз Сарылдык уулу, Азимбек Бекназаров жана Темир Махмудовдордун мүлктөрүн камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында отургандардын арасынан беш адам 19-майдан бери саясий ачкачылык кармап жатышат.

Жаза аткаруу кызматы Атай Бешенбек, Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Айбек Бузурманкулов, Марат Баязов ачкачылык жарыялаганын, 22-майга карата алардын абалы жакшы экенин жана айрымдары аз-аздан тамак жеп баштаганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, тергөө абагындагылар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Буга чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы, активистер Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына, Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылуу жолдошкон. Анда «Кемпир — Абадчыларга болуп жаткан моралдык — психологиялык басым токтотулсун», «Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов, Атай Бейшенбек уулу мурдагы олтурган абак бөлмөлөрүнө кайтарылсын жана улам-улам абак бөлмөлөрүнө которуулар токтотулсун» деген талаптар менен 19-майдан баштап, саясий ачкачылык жарыялай тургандыктары жазылган.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган. Апрель айында райондук сот Кемпир-Абад ишинен улам камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырган. Башка төрт адам ага чейин үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 110