• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши, журналисттердин кармалышы. Базарбеков комментарий берди

26 Бирдин айы 2024 11:45 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 26-февралда маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда Базарбеков Кемпир-Абад, активист, журналисттердин иштери боюнча учкай комментарий берди.

«Активисттер, Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын иштери боюнча өзүңүздөр билгендей бөгөт коюу чарасы гана каралып жатат. Саясатта жүргөн адамдардын үстүнөн иш козголуп, азыркы учурда алар камакта отурганын жакшы билем. Бөгөт чарасын кароо учурунда күнөөсү барбы же жокпу карай албайт экенбиз. Эмне себептен камалып калды? «Алардын күнөөсү жок» деген сөздөр айтылып жатат. Жакында иштин негизинен карай баштаган учурда алардын аракеттерине юридикалык жактан баа бергенге аракет кылып, жазасын чектейбиз же күнөөсү жок болсо акталып кетиши мүмкүн»,-деди Базарбеков.

Количество просмотров: 107