Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 27 саясатчы, активист жана блогер 2022-жылы октябрда кармалып, УКМКнын абагына киргизилген.
Азыркы учурда кармалгандардын ичинен 11 адам тергөө абагында отурат. Алардын камакта калуу мөөнөтүн Биринчи Май райондук соту тарабынан узартылып келет.
Ал эми калган 16 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кошумчалай кетсек, айыпталуучулардын бөгөт чарасын кароочу соттук отурум 25-октябрга жылдырылган. Иш сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн болчу, алардын иши сотто жабык каралууда. Себеби, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” грифин койгон.
Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана парламент депутаттары кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенини айткан.
Ал эми 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер жапырт кармалган.
Милиция камалгандарга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.