• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Кемпир-Абад»: Президент депутаттардын жыйынына катышат

16 Жетинин айы 2022 16:09 Бишкек Govori.TV

Президент Жапаров эртең, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү мамлекет башчысынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Мындан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук каналдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 545