• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кенжекараева: Кыргызстанда туризмди  өнүктүргүм келет

20 Чын куран 2024 12:43 Бишкек Govori.TV

18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Гүлира Кенжекараева Гүлира Нарын облусунан келген.

«Өзүм туризм тармагында 10 жылдан бери иш алып барам. Максатым, бир эле Нарын облусунда эмес бүткүл Кыргызстанда туризмдин өсүшүнө салым кошуу. Ал эми бул долбоор мени мындан да күчтөнтүп, мага дагы дем, күч берет деп ойлойм», — дейт ал.

Количество просмотров: 94