Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган ишкер Жалил Атамбаев бюджетке 50,5 млн.сом төлөп абактан чыкты.
Бул багытта Атамбаев жалгыз эмес.
Алсак, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2 миллиард сом,
кримтөбөл Камчы Көлбаев 49,6 миллион сом,
Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров 20 миллион сом ,
Финансы полициясы жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев 20 миллион сом,
Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 2,5 млн. сом,
Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев 1 миллион сом,
Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов 1 миллион 33 миң 700 сомд чыгымды төлөп, эркиндикке чыгышкан.