Бүгүн, 24-мартта «Жоогазын ыңкылабы» деген аталыш менен тарыхка кирген окуяга 18 жыл толду.
2005-жылы Кыргызстанда бийлик алгачкы ирет элдик толкундоолордун арты менен алмашкан.
Ал күнү өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып үлгүрсө, борбордо талап-тоноочулук орун алган.
Ыңкылаптан соң бийликке келген Курманбек Бакиев 2010-жылы тактан күч менен кулатылган.
2020-жылы октябрь окуяларынан соң өлкө башына келген жаңы бийлик Акаевдин кайтып келүүсүнө жол ачты.
Акаев эми өлкөгө ээн-эркин кирип чыга алат…
Ал эми 24-март 2008-жылдан тартып Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген.
Бирок, 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул күндү расмий белгилөө токтотулган.