• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кепшн видео: Казиного жол ачкан депутаттар эми нарк-насил тууралуу сөз кыла алабы?

15 Кулжа 2023 19:48 Бишкек Govori.TV

Бийликтин эң биринчи лицензиясынын ээси «Гранд казино» ишин баштаганда эле талкуунун чордонуна түштү.

Аталган жайда чет элдик коноктор үчүн жагымдуу маанайды кыргыз кыздары менен жигиттери тартуулап жатканы тууралуу маалыматтар тарап, айрым нааразы кептерди жаратты.

Бул маалыматтын арты менен кыргыз кыздарынын, деги эле жаштардын адеп-ахлагы кайрадан күндүн темасына айланды.

Айрым депутаттар кыздардын тарбиясы, адеп-ахлагы начар экенин буга батыштын идеологиялары таасир берип жатканын айтып келишет.

Кээ-бирлери улуттук баалуулуктардын, адеп-ахлактын сакталышын мыйзам менен көзөмөлдөөнү да сунушташууда.

Деген менен ушул эле улуттук нарк, насилди жактап жаткан эл өкүлдөрү кумарканаларды ачуу мыйзамын колдоп берген.

Өткөн жылы ЖК талаш-тартыштарга, нааразычылыктарга карабай казино ачууга жол берген мыйзамды кабыл алган.

Мыйзам долбооруна 58 депутат «макул», тогузу «каршы» деп добуш берген.

Ал эми учурда ошол эле казино ачууну колдоп берген айрым депуттар “батыш жаман” деген шылтоо менен cөз эркиндигин баскан, оюн чектеген, “чет элдик агент” мыйзамы өңдүү мыйзам  долбоорлорун кабыл алуу аракетин кылууда.

Мындай жагдайда депутаттардын өздөрүнүн моралдык жагы суроо жаратат…

Количество просмотров: 2723