• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Бишкектин кылмыш иши козголгон мэрлери…

28 Бугу 2021 17:29 Бишкек Govori.TV

Борбор калааны мурунку мэри Азиз Суракматов кармалды

УКМК экс-мэрди коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармаган.

Атайы кызмат Суракматовдун коррупциянын натыйжасында тапты деген мүлкүн  50 млн. долларга баалады.  

Айрымдар экс-мэрдин кармалышын саясий өңүт менен байланыштырса, кээ бири бийликтин казынага каражат өндүрүү аракети дешүүдө.

Ал эми коомчулук мэр болгондун баары эле камала береби деп шакабага алууда.

Бишкектин кылмыш иши козголуп, камакка алынган мэрлерин тизмектейбиз:

Феликс Кулов  1998-1999-ж.

2000-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен кармалган. Акталган.

Данияр Усенов 2007-2008-ж.

2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, коогалаңда өлкөдөн чыгып кеткен.

Нариман Тюлеев 2008—2010-ж.

2010-жылы ал Бишкектин аэропортунан кармалып, камакка алынган. 2013-жылы экс-мэр 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал «Коррупция» жана «Акчаны адалдоого» айыпталган.  2016-жылы келтирилген зыяндын ордун толтургандыгына байланыштуу мунапыс менен бошотулган.

Иса Өмүркулов 2010-2013-ж.

2013-жылы Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Иса Өмүркуловго Жеңиш паркынын чек араларын мыйзамсыз бекиткен деген шек менен кылмыш ишин козгогон.  Акталган.

Кубанычбек Кулматов 2014-2016-ж.

2018-жылы УКМК Кулматовду коррупция боюнча кармап, мэр болуп турганда гранттык каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталган. Сот Кулматовго  5 миллион сом айып салынып, абактан бошоткон.

Албек Ибраимов  2016-2018-ж.

2018-жылы Ибраимов УКМК тарабынан “коррупцияга” шектелип кармалган. Сот аны 15 жылга түрмөгө кесип, айып салган. 2020-жылдагы октябрь окуяларында абактан чыгып, кайра кайтып келген эмес. Учурда издөөгө алынган.

Количество просмотров: 191