Медицина багытындагы жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу зарылдыгы пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Анын айтымында, айрым медициналык жогорку окуу жайларда билим берүүнүн сапаты талапка жооп бербейт.
«Медицина кызматкерлерине билим берүүнүн сапаты талапка жооп бере албайт. ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу зарылдыгы пайда болду. Медицина ЖОЖдоруна лицензияны Билим берүү министрлиги, ал эми форма 06ны Саламаттык сактоо министрлиги берет. Өлкөдө медиктерди 22 ЖОЖ даярдап чыгат, анын ичинде бешөө мамлекеттик, калган 17си жеке жогорку окуу жай. Саламаттык сактоо министрлигинде жакын арада комиссия түзүлүшү мүмкүн”, — деди министрдин орун басары.