• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кепшн видео: Көлбаев 50 миллион төлөп, эркиндикке чыкты

3 Жалган куран 2021 18:51 Бишкек Govori.TV

2-мартта Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевди сыртка чыкпоо тил каты менен абактан бошотту. Бирок чечимдин негизи айтылган эмес.

Буга чейин 17-февралда райондук сот Көлбаевди 22-мартка чейин  камакта калтырган эле.

Ал эми бүгүн УКМК Камчы Көлбаевди эмне үчүн бошотконун түшүндүргөн билдирүү таратты.

«УКМК тарабынан Камчыбек Асанбекке карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык. Шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49,6 миллион сом которушкан. Калган сумманы Камчыбек Асанбек 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керек ”,- деп жазылат билдирүүдө.

Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен 22-октябрда Бишкекте кармалган.

 Кийин ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 абакка которулган.

Количество просмотров: 534