• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кепшн видео: Кайра шайлоого келген элдин агымы аз…

11 Теке 2021 15:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаарларында кайра шайлоо өтүп жатат.

Бул жолку шайлоого добуш берүүгө келгендер аз болуп жатканы айтылууда.

Жалпысынан үч шаарда  617 517 шайлоочу катталган.

Түшкө чейин алардын 80 миңге жакыны гана өз добушун берди.

Ал эми БШК мурункуга салыштырмалуу добуш берүүгө келгендердин саны жогору экенин айтат.

Шайлоо участогунан тышкары 3500дөй адам добуштарын берген.

Алардын катарында президент да бар. Ага себеп Жапаровдун жан сакчысынан коронавирус аныкталганы болду.

«Жалпы иш» фонду үч шаардагы шайлоо өнөктүгүндө  83 мыйзам бузуу аныктаса, көбү Ошто болгон.

Ал эми ИИМ бузуулар жөнүндө 40 маалымат келип түшкөнүн билдирди.

Ат салышып жаткан партиялар 7 пайыздык босого чектен өтүүлөрү керек.

Добуш берүү кечки саат 20:00дө жыйынтыкталмакчы.

Количество просмотров: 1668