Кепшн видео: Карааны кетпеген коронавирустан кантип сактанабыз?
Кепшн видео: Карааны кетпеген коронавирустан кантип сактанабыз?
31 Бугу 2020 10:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек жана Ош шаарларында коомдук унаалар жүрө баштады. Унаалар каттамын бүтүргөндөн кийин кармагычтарды тазалап, күндө бир нече жолу дезинфекциялаш керек. Ар бирине кол тазалоочу каражаттар коюлуш керек.
Коомдук жайларда колдон келишинче башка адамдардан бир метр алыс турууга аракет кылыңыз. Өзгөчө жөтөлүп же чүчкүргөндөрдөн оолагыраак болуу керек.
Ар бир эки саат сайын бөлмөнү тазалап, желдетип туруу зарыл.
Беткапты ар бир эки саат сайын жаңысына алмаштырып туруу кажет.
Колуңузду мүмкүн болушунча тез-тез жууп туруңуз. Эшиктен киргенде, дааратканадан чыкканда, тамак ичерде самындап жууганды унутпаңыз.
Буга чейин башка оору менен ооруп жаткан болсоңуз, үйдөн чыкпаңыз.
Эгер жөтөлүп, демиңиз кысылып же дене табыңыз көтөрүлсө дароо медиктерге кайрылыңыз.