• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кепшн видео: Өкмөт милиционерлерди ит бекер иштетеби?

1 Бугу 2020 18:05 Бишкек Govori.TV

Буга чейин министр Жунушалиев парламенттин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып милиция кызматкерлери 8-12 миң сом айлык аларын жана бул каражат аларга жетээрин билдирген.

Ал эми кечээ, 30-апрелдеги ЖКнын отурумунда премьер-министр өзгөчө абалда иштеп жаткан тартип сакчылары кошумча акыдан өз ыктыяры менен баш тартып жатышканын айтты.

Ички иштер министринин айлык маяна тууралуу айтканы катуу сын жаратып, талкууга алынган болчу. Ал эми өкмөт башчынын билдирүүсүнө депутат Исхак Масалиев сын пикирин билдирип, милиционерлер айлыктан баш тартпоосу керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 419