• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Кыргыз саясатын кызыткан «Майдан» дебаты

1 Бештин айы 2021 10:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн GOVORI.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин түптөлгөнүнө 4 жыл толду. Агенттик Кыргызстандын медиа айдыңына 2017-жылы кирип, өз ишин баштаган.

GOVORI.TV Кыргызстанда сайтка үзгүлтүксүз түз эфирди чагылдырып турган эң биринчи интернет-телеканал. Каналдын бирден-бир белгилүү долбоору “Майдан” теле дебаты.

2 жыл аралыгында «Майдандын» бүйүр кызыткан 100 чыгарылышы эфирге чыкты. Анда көйгөйлүү маселелер тууралуу түрдүү көз караштардын кагылышуусу орун алат.

«Майдан» дебатына беделдүү саясатчылар, көрүнүктүү коомдук ишмерлер, эл өкүлдөрү, жарандык активисттер жана эксперттер катышып келет.

Эфирден кийин кадр сыртында дагы кызыктуу окуялар болуп турат.

Аз убакыт ичинде «Майдан» дебаты көпчүлүктүн күтүп көргөн берүүсүнө айланды.

GOVORI.TV агенттиги коомчулукка маалымат жеткирүүдө бейтараптуулукту карманып, болгонун болгондой так жеткирет.

Количество просмотров: 517