• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кепшн видео: Матраимовду ачык эле колдоп чыккан депутаттар талкуу жаратты

1 Жалган куран 2021 19:00 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 28-февралда коррупцияга айыпталып кармалган Райымбек Матраимовду колдогон акция өттү.

Чогулгандар “Матраимовго боштондук!”, “НПО жок!” деген жазууларды кармап, айрымдар “Азаттык кетсин” деп жатышты. А түгүл иш-чараны  чагылдырууга барган журналисттердин ишине тоскоолдук болгон.

Мындай акция экинчи ирээт өтүүдө. Алгач 20-февралда Матраимов кайрадан кармалганда Бишкекте жана Ошто өткөн.

Бул жолку митингге жоон топ эл чогулду.

Коомчулук Матраимовду колдого барган азыркы эл өкүлдөрүн талкууга алышты. Алар депутаттар Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев жана экс-вице-спикер Мирлан Бакиров.

Ал эми айрымдар бул митингде Матраимовдун кланы күчүн көрсөттү дешет.

Ал арада Бишкекте активисттер коррупцияга каршы жана мыйзамдуулукту талап кылган кезектеги жүрүшкө чыгышты. Бул жүрүш ноябрь айынан бери ар жекшемби өтүп келет.

Күн мурун жүрүштун демилгечилери болгон “Баштан башта!” кыймылы аларга карата куугунтук болуп жатканын айтып чыккан.

Коррупцияга байланыштуу бир нече иликтөөлөрдө аты аталган “Райым миллион” буга чейин коррупцияга айыптуу деп табылган. Сотто күнөөсүн моюунуна алып, ага айып пул чегерилген.

Количество просмотров: 507