• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кепшн видео: Октябрь окуясына 1 жыл. Үмүт арткан «лампочка»…

5 Тогуздун айы 2021 19:21 Бишкек Govori.TV
  • Октябрь окуяларына толук бир жыл толду.
  • 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өттү деген эл көчөгө чыккан.
  • Алгач утулган партиялар чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшкан.
  • Натыйжада элдин агымы арбып, тараптардын кагылышуусуна алып келди.
  • Аянтка чыккан эл акыры Ак үйдү алып, камакта олтурган бир топ саясатчылар эркиндикке чыкты.
  • Мамлекетте бийлик кризиси өкүм сүрдү, бир топ башаламан кадрдык дайындоолор болду.
  • Акыры Сооронбай Жээнбековдун тактысы жаңы абактан чыккан Садыр Жапаровго өттү.
  • Легитимсиз делген ЖКнын макулдугу менен Жапаров Конституциялык реформаны демилгелеп, өлкө президенттик башкарууга кайтты.
  • Ал эми мыйзамдуулугу талкуу жараткан 6-чакырылыштын өмүрү узарды.
  • Бул бир жыл бир нече саясатчылардын “мыйзамсыз баюуга”, “коррупцияга” шек саналып, камакка алынуусу менен коштолду.
  • Муну алар жаңы бийликтин куугунтугу катары баалашууда.
  • Учурда айрымдары камакта жатса, кээ бирлери бийлик менен келишим түзүп эркиндикке чыккан.
  • Ал арада апалар “лампочкам” деп эркелеткен Жапаровдун да дарегине сындар айтылып баштады.
  • Коомчулукта жоопкерчиликти алдым деп президенттик башкарууга өткөн менен иш жүзүндө андай болбой жатканы айтылууда.
  • Эми алдыда кайрадан парламенттик шайлоо күтүлүүдө.
  • Бирок, коомчулукту элдик толкундоо учурунда көз жумган 19 жаштагы Үмүтбектин өлүмүнө эч ким жоопкерчилик албаганы тынчсыздандырып келет.
Количество просмотров: 668