• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Путин, Рахмон, Назарбаев. Коңшу өлкөнүн ажолоруна Кыргызстан кандай наамдарды берген?

27 Аяк оона 2022 13:06 Бишкек Govori.TV

Бир нече күндөн бери тажик президенти Рахмонго берилген наам талкуу жаратууда. Мындан улам коңшу өлкөлөрдүн президенттерине кандай наамдар берилген тизмектеп көрдүк.

1999-жылы туңгуч президент Акаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарган.

2015-жылы Нурсултан Назарбаев I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Жарлыкты Атамбаев чыгарган.

2017-жылы Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путинге Кыргызстандагы эң жогорку мамлекеттик сыйлык I даражадагы «Манас» орденин ыйгарган.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Данакер» ордени менен сыйланган.

Путин менен Мирзиёевге сыйлыктарды кийин келген президент Жээнбеков тапшырган. Ошондой эле Жээнбеков Кытайдын лидери Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин берген.

Өткөн жылы Калмакстандын мурдагы президенти, ишкер Кирсан Илюмжиновго «Талас облусунун ардактуу атуулу» наамы берилген. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Количество просмотров: 253