• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттин атын атаган спикер депутаттарды ыңгайсыз абалга кептеди

14 Үчтүн айы 202617:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 14-январда «Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды.

Талкулоо баштала электе президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттардан баяндамачынын жоктугуна байланыштуу маселени күн тартибинен алып салууну суранган.

Ал эми депутат Камила Талиева мыйзам долбооруна каршы добуш берүү керектигин айтып, бир катар нааразычылыктарын билдирди. Талиева бул мыйзамды ким даярдаса дагы мамлекеттин душманы экенин жана президентти да, парламентти да жаманатты кыларын белгиледи. Аны бир канча депутаттар да колдоого алышкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар Абытовдун сунушун четке кагып (30 добуш макул, 30 добуш каршы), долбоорду талкуулоого киришти. Андан кийин Нурбек Сыдыгалиев долбоорду талкуулабай туруп каршы добуш берүүнү сунуштады.

Бул арада сөз алган парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул абдан маанилүү маселе жана талкуу зарыл экенин билдирди.

«Азыр 46 түрдүү сыйлык бар, 20га чейин кыскартуу пландалууда. Комитетте талкуулашты, бирок маселе кылдат кароону талап кылат», — деген спикер мамлекеттик сыйлыктарды реформалоонун артында президент турарын кошумчалады.

Мындан соң депутат Дастан Жумабеков юстиция министринин жоктугуна байланыштуу мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштады. Анын сунушу добушка коюлуп 60 «макул» жана 1 «каршы» добуш менен мыйзам долбоор күн тартибинен алынды.

Ал арада Акылбек Түмөнбаев Сыдыгалиевдин сунушу добушка коюлбай, спикердин сунушу гана добушка коюлганына нааразычылыгын билдирди.

Количество просмотров: 1471