• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Талашка түшкөн Бишкек мэринин «креслосу»…

9 Бирдин айы 2021 18:09 Бишкек Govori.TV

5-6-октябрдагы башаламандыктан кийин Бишкек мэриясынын орду кызылдай эле талашка түштү.

Алгач шаар жетекчиси болом деп Жоошбек Коеналиев келген. Коеналиев бул орунда көпкө отурган жок.

Андан соң Бишкек мэринин милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев да аткарган.

Чыр чыккан түнү отставкага кеткен Суракматов тарапташтары менен келип кайрадан ордун кайтарып алган.

Көп өтпөй өз каалоосу менен кызматтан кеткен Суракматов баш калааны Нариман Түлеевге тапшырган.

Ага каршы болгондор да чыкты. Бир топ эл менен митингге чыккан “Мекенчилдин” мүчөсү Төрөхан Жунусбеков мэр болуу мүдөөсүн билдирген.

Мэрлик кызмат талашта болуп жатканда, Жапаров Ысык-Көлдөгү  бийликтин өкүлү Балбак Түлөбаевди алып келип мэрдин милдетин аткаруучу кылган.

Ал эми бүгүн Түлөбаев кызматын тапшырып, ордуна Эрмек Нургазиев келди.

Эрмек Нургазиев жокко чыккан шайлоодо “Кыргызстан” партиясы менен ЖК депутаттыгына аттанган.

Мындан тышкары, Нургазиев көп кабаттуу үйлөрдү курууда алдамчылыкка айыпталып жүргөн. Ошондой эле  ал аял кишиге кол көтөрүп коомчулуктун сынына калган.

Айтылган сындардан соң президент Садыр Жапаров билдирүү жасап, “аны шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес” деген пикирин айтты.

Количество просмотров: 180