Бүгүн, 24-февралда президент Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүку сапары башталды.
Жапаров президенттик учак менен Россияга учту.
Буга чейин Путин белекке берген №1 бортту алмаштыруу маселеси айтылып, эскирип калганы жүйө келтирилген.
Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда эл менен жарандык учак менен сапарга учуу аракетин кылган.
Өлкөнүн экс-ажосу Алмазбек Атамбаев президенттик учакты көп колдонду.
Ал эми Роза Отунбаева көбүн эсе кадимки каттамдык учак менен учту.
Качкын президент Бакиев үчүн убагында атайы учак сатылып алынган, бирок 2010-жылдан кийин учак улутташтырылып, сатыкка коюлган.
Жыл сайын миллиарддаган доллар каражаттар чиновниктердин иш сапарларына коротулат.
Атайы каттамдагы учакка салыштырмалуу атайы учак менен сапарга баруу бюджетке чыгымы көбүрөөк алып келээри ачык.