• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кепшн видео: Жыл башынан бери чек арада орун алган чырлуу окуялар…

14 Кулжа 2022 20:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июнда таңга маал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кайрадан ок атылды.

Бул тууралуу чек ара кызматы маалымат таратып, абалды  туруктуу деп баалады.

Кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде чыр-жаңжалдар байма-бай катталып турат.

Жыл башынан бери эле бир нече жолу курал колдонуу менен чыр чыккан.

Жыл жаңыргандагы алгачкы жаңжал 27-январда катталган. Тажик тарап Төрт-Көчө аймагында жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн соң абал тынчыган.

Бирок көп өтпөй Чыр-Дөбө аймагында ок атылган. Анда кыргыз тараптан 11 адам жараат алган.

11-мартка караган түнү  Баткендин Тескей  жергесиндеги чек ара тилкесинде ок атышуу болгон. Чырга тажик чек ара отряды жолдон өтүп бараткан унааларга таш ыргытканы себеп болгон.

Ал эми 12-апрелде катталган чырда 6 кыргызстандык жараат алган. Анда тажик чек арачылары кыргыз тараптын талаптарына көңул бурбай чек араны кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына кирип кетишкен.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Булак-Башы аймагында  кыргыз-тажик чек арачылар атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган.

Такталбай келген чек ара тилкелеринде катталган чырда азапты жай тургундар тартууда.

Жалпысынан өлкөлөр ортосунда 972 чакырым тилкеси бар. Президент Жапаров 664 чакырым такталганын билдирген.

Количество просмотров: 37