• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Керектүү делинген дарыларды катып жаткан кампалар табылды

14 Теке 202015:58 Бишкек Govori.TV

Дарыларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 кылмыш иши аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралууьүгүн, 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, керектүү делинген дарыларды катып жаткан эки кампа табылган.

«Кампалардан гепарин, арбидол, анаферон жана башка көптөгөн керектүү делинген дары-дармектер табылды. Катып алып, дары-дармек тартыштыгын атайылап жасап жаткан 2 иш катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды»,-деди Боронов.

Мындан тышкары, ал дарыларды кымбат баада сатып жаткан алып-сатарларга 8 кылмыш иши ачылганын кошумчалады.

Количество просмотров: 231