• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Керемет Банктын» иши боюнча УКМК кызматкерлери кармалды

23 Бештин айы 202211:38 Бишкек Govori.TV

“Керемет Банкка” байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш иши алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, ишти Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тергеп жатат.

«Кармалгандар – УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана ушул эле мекеменин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Керемет Банктын» төрагасынын орун басары камалганы белгилүү болгон.

Прокуратура ушул айдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

Количество просмотров: 2224