• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кесиптик кошуундардын мүчөлөрү нааразылык акцияга чыгышты

7 Тогуздун айы 2019 12:04 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдында аталган кошуундардын мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар буга чейин Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Кесиптик кошуундар” боюнча мыйзам долбооруна каршы пикирлерин билдирип жатат. Бул тууралуу Азаттык билдирет.

Акцияга 150дөн ашык адам катышууда. Алардын айтымында, эгер мыйзам кабыл алынса кесиптик кошуундардын өл алдынчылыгы жоюлуп, бир катар тоскоолдуктар жаралат.

Мыйзам долбоорун депутаттар тобу иштеп чыккан. Алардын бири депутат Мирлан Бакиров буга чейин «Кесиптик кошуунда 1 млрд. сомдон ашуун каражат айланып турганын” белгилеп, көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айткан.

Депутаттар Кыргызстанда кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулук, бирдиктүү саясат жоктугун, республикалык бирикме тармактык, аймактык уюмдар менен системалуу түрдө иштей албай жатканын жана мыйзамдык базанын так эмес экенин жүйө келтиришкен болчу.

Мыйзамга ылайык, кесиптик кошуун — жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме.

Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптар менен мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.

1990-жылы кайрадан уюштурулган Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясына учурда 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет.

Количество просмотров: 72