• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

«Кетем дейсиң кет», «ордума сиз иштеңиз». Өкмөт башчы менен депутат айтыша кетти

17 Кулжа 2021 19:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-июнда Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, эл өкүлдөрүн кадр саясатына кийлигишпөөнү айтты.

«Айрым таарынычтар кадр саясатынан болуп жатпайбы, бирөөнү кой десе мен кое албасам, ачыгын айтканда ушул. Мына Бактыбек Кемелбекович бир райондун акимине орун басар коюп бер деди, чече албады. Эми колумдан келбесе эмне кылам», — деди Марипов.

Премьер-министрге жооп берген депутат сөз сүйлөп маселе кадр саясатында эмес экенин айтып, сөз болуп жаткан суу маселесин чечүүгө көңүл бурууну белгиледи.

«Азыр маселе суу болуп жатат, сиз ошону чечиңиз, чече албасаңыз кетиңиз. Комитетте да кетем деп бир нече жолу айттыңыз… Кетиңиз анда кетиңиз…», — деди депутат.

Количество просмотров: 15937