• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кезегибиз чоң «гулкага» тийсе экен деп Кудайдан тилейбиз». Абактагы Карасартова кат жазды

12 Бугу 2023 13:41 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып абакта жаткан Рита Карасартова кат жолдоду. Анын каты фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.

Анда ал абактагы таза аба менен дем алууга бөлүнгөн убакыт жана шарттар менен бөлүшкөн.

«Таза абага болгон укугубуз жөнүндө…
Убактылуу камака алуу жайында (СИЗОдо) жаткандарга 1 суткада 1 саат сыртка чыгып, дем алууга укук беришкен.
СИЗОну көрө электе Орусиялык кино тасмалардыкындай СИЗОнун короосунда ары бери басып жүрөбүзго деп ойлогом. Көрсө «гулканын» атайын 2 бөлмөсү бар экен: 4×3=12м².
Бирөсүн сүрөткө тартып койдум, аны биз чоң гулка деп коебуз, баары ошол жерге чыккысы келет, анткени көк асман көрүнөт. Кичине гулкада темир тордун үстүнө майда сетка тартышкан, асман дагы көрүнбөйт, күн дагы тийбейт, кышында кар жаганда аба кирбей калат.
Ошентип, 1-этаждагы 8 камерага, 2- этаждагы 6 камерага бир күндө бир саат бийлеп, ырдап, көнүгү жасап турганга 2 бөлмө бар.
Кичине гулканын майда сеткасын алып салууга сунуш киргизсем, уруксат берген жок. Кезегибиз чоң гулкага тийсе экен деп Кудайдан тилейбиз, анткени көк асман, күндүн нуру жалпы маанайга абдан таасирин тийгизет экен.
Р.S. Ошол майда сетка шамал, таза аба кирип турганына тоскол болот», — деп жазылат кайрылууда.

Кемпир-Абад иши боюнча камалган алты аял активисттин бешөө үй камагына чыгып, укук коргоочу Рита Карасартова гана абакта калды. Карасартованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызын кароо апрелде үч жолу жылып отуруп, соңунда УКМКнын тергөө абагындагы мөөнөтү 20-июнга чейин узартылган. 2-майда сот анын адвокатынын да арызын четке кагып, райондук соттун токтомун күчүндө калтырды.

Количество просмотров: 615