• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азиза Абдирасулова Кыргызстанга кайтып келди

8 Аяк оона 202513:26 Бишкек Govori.TV

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын кызы Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

«Менин ата-энем өлкөдө! Бул маселе саясатташып же тескери бурула электе, мен бул тууралуу жазууну чечтим, анткени алардын кайтып келишин мен демилгелегенмин. Алдыда бизди дагы бир сыноо күтүп турат — атам үчүн өтө оор операция», – деп жазат Гүлшайыр Абдирасулова.

Эске салсак, Кылым шамы» уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова жаңы жыл алдында Кыргызстандан чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Количество просмотров: 324