Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу Алмаз Букалаев медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу тартиби менен таанышуу үчүн «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборуна (ММБ) барды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Көп функционалдуу миграциялык борбордун башкы директору С. Балдин менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө элчилик Кыргызстандын жарандарынан узун кезектер боюнча келип түшкөн даттанууларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Консул Көп функционалдуу миграциялык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, башкы директор менен биргеликте Кыргызстандын жарандары үчүн зарыл болгон процедуралардан өтүү этаптары менен толугу менен таанышты.
Жумушчу күндө саат 08.00дөн 20.00гө чейин Көп функционалдуу миграциялык борбордо орто эсеп менен 4-5 миң чет элдик жаран (каттоо, патент, иштөөгө уруксат, жарандык алуу, айып төлөө, даяр документтерди кабыл алуу ж.б.) тейлөөдөн өтөт.
Көп функционалдуу миграциялык борборго жалпысынан КРнын 500гө жакын жараны кайрылат (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу).
Социалдык түйүндөрдө тараган сүрөт чындап эле Көп функционалдуу миграциялык борбордун көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтүп баратканда, кайрылуучулар топтолуп калган учурда тартылган.
Көп функционалдуу миграциялык борбордун айтымында, ар кандай себептерден улам, бул жагдай кээде кайрылгандардын эбегейсиз көп топтолушу менен шартталат.
Ошону менен бирге, Көп функционалдуу миграциялык борбордун ичинде процедуралардан өтүүнүн так алгоритми иштелип чыккан. Бардык зарыл болгон тейлөөлөрдөн 3 сааттын ичинде өтсө болот, эл көп топтолгон учурда 5-6 саатты талап кылат.
Элчилик медициналык кароодон өтүүгө, манжа изин каттоого жана сүрөткө тартууга байланыштуу төмөнкү жагдайларга көңүл бурууну өтүнөт.
Москва шаарынын телефон боюнча бирдиктүү маалымат кызматы күнү-түнү иштейт: +7 (495) 777-77-77.
2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген Кыргызстандын жарандары Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын кызматкерлери тарабынан медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурланган учурда Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча Башкы башкармалыгына, Россиянын прокуратура органдарына же Кыргызстандын Россиядагы элчилигине арыз менен кайрылуусу зарыл.