• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кичинекей блогер Бекболот Турдушев изделүүдө

27 Аяк оона 2023 16:33 Бишкек Govori.TV

Түп районуна караштуу Сары-Булак айылында 5-класстын окуучусу Бекболот Турдушев изделүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 26-сентябрда милицияга 1965-жылы туулган тургун кайрылып, 25-сентябрь күнү саат болжол менен 15:00 чамасыда Каракол шаарынан 2012-жылы туулган баласы дос балдарына жолугуп келем деп кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жататкандыгын билдирген.

Аталган билдирүү, Каракол ШИИБдин МЭЖне катталып, издөө иштер жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 11 жаштагы Бекболот Турдушев 2021-жылы президент Садыр Жапаровго соцтармак аркылуу кайрылып, Түп районунун Балбай айылына мектеп, бала бакча куруп берүүнү суранган. Андан соң ал президентке да жолуккан.

Количество просмотров: 2265