• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Киев бейшембиде Донбасста ондогон ок атуу болгону билдирди

18 Бирдин айы 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

17-февралдан баштап Донбасста абал сезилерлик курчуду. Украина коргоо министри Алексей Резников аймактагы ок атууларды атайын кутум деп атады. Министр жикчилдер Орусиянын колдоосу менен иш алып барып жатканын белгиледи.

Резниковдун айтымында, Москва Украинага каршы агрессиясын негиздөө үчүн маалымат кампаниясын күчтөндүрүп жатат. Ал ок атуулар карапайым жашоочуларга, анын ичинде балдарга коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

Украинанын чыгышында орун алган жикчилдер бейшембиге караган түндөн тартып украин армиясы Донецк жана Луганск аймактарында ок атууну күчөткөнүн айтышууда. Маалыматка караганда, Донецктин четиндеги ок атуудан бир аял жаракат алды.

Украина бийлиги болсо бейшембиде Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдер тарабынан 50дөй ок атуу катталганын кабарлады.

Киев белгилегендей, жарандык инфраструктураларга, анын ичинде бала бакчага ок тийген, тынч жарандардын арасында жабыркагандар бар.

Аймакта абал АКШ менен НАТО Орусияга Украинага кол салышы мүмкүн экенин жарыялаган маалда курчуп жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери мурдагы орундарына кайтып жатканын 15-февралда жана 16-февралда да билдирген. АКШ, НАТО жана Украинанын бийлиги Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын айткан. Алар тескерисинче, чек аралаш аймакта жыйналган орус күчтөрү 130 миңден 150 миңге чейин көбөйгөнүн билдирип жатышат.

30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Орусия ага каршылык билдирип, Украинанын чек арасына аскерлерин жыйнай баштаган. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны «чабуул жасаганга даярданып жатат» деп айыптаган. Кремл аны четке кагып келатат.

Количество просмотров: 370