• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Киев Москва жана ЕККУга мүчө өлкөлөр менен 48 саат ичинде жолугушууну сурады

14 Бирдин айы 2022 10:35 Бишкек Govori.TV

Украина 48 саат ичинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) мүчө өлкөлөрдүн жана Орусиянын өкүлөрдү менен жолугушууну сурады. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба «Твиттерге» жазды.

Сунуш 2011-жылдагы коопсуздук жана ишенимди бекемдөө чаралары жөнүндө эл аралык келишимдин алкагында жасалды. Киев Москвага жазган катына расмий жооп албагандыктан ушундай кадамга барганын белгиледи.

«Орусия Вена документи боюнча сурообузга жооп берген жок. Биз кийинки кадамыбызды жасап жатабыз. Украина Орусия жана ЕККУга мүчө бардык өлкөлөрдү 48 саат ичинде жолугушууга чакырып, Москвадан чек арабызга жакын жерлерде жана убактылуу оккупацияланган Крымда аскерлерин көбөйткөнүнүн себебин сурайбыз”, — деди Кулеба.

ЕККУга мүчө өлкөлөр Вена документине 2011-жылы кой койгон. Тараптар аскердик түзүмдөрүнүн жайгашуусу, алардын санынын көбөйүшү жана мунун максаты тууралуу бири-бирине маалымат берип турууга тийиш.

Бул арада Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Жо Байден менен “жакынкы сааттарда” телефондон сүйлөшө турганын украин президентинин кеңсеси 13-февралда билдирген.

Батыш өлкөлөрү Москва Киевге каршы согуштук аракеттерди башташы мүмкүн деген кооптонууга байланыштуу өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө үндөп жатат.

Количество просмотров: 237