• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Киевде 100гө жакын адам катышкан атышуу болду

29 Бугу 2020 15:58 Бишкек Govori.TV

29-майда Киев облусунун Бровары шаарында 100гө жакын адам катышкан атышуу болду. Натыйжада үч адам травматикалык октон жаракат алганын Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди.

«Броварыдагы таңкы атышуу — ташуучуларга квота бөлүштүрүүдөгү коррупциянын, ташуу маршруту үчүн күрөшкө бандаларды тартуунун жаңырыгы. Дарылайбыз. 10 адам кармалды. Жапырт кармоо улантылууда», — деп ички иштер министри Арсен Аваков «Твиттерге» жазды.

Кабат үйдүн терезесинен тартылган видеодон бир топ адам жолдо туруп алып ок атып атканын көрүүгө болот.

«Факты» басылмасы ондогон адам маршруттук токтотмолордун бирине таңкы жетилер чамасында кол салганын жазды.

Количество просмотров: 2857