Бүгүн, 1-апрелде ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айрым депутаттар Кыргызстанда убагында мыйзамсыз курулган деген негизде буздурулуп жаткан жеке турак жайларга байланыштуу маселе көтөрүштү.
Жыйында сөз сүйлөгөн депутат Улукбек Ормонов буздуруу темасы модага айланып кеткенин айтты.
«Мен ушул «мода» болуп кеткен түрттүрүү боюнча протоколдук тапшырма берген элем. Республикалык маанидеги жолдор боюнча сөз жок, бирок шаарлар эле эмес, айылдардын ичинде да иштер башталды. Башка иш жоктой сезилип жатат. Ушул губернатор, аким, мэрлер бири-бири менен жарышып, ким көбүрөөк бузат деген немеге өтүп алышыптыр», — деди депутат.
Буга байланыштуу бүгүн бир нече депутат да өз пикирин билдирди. Алар белгилегендей баардык нерсе мыйзам чегинде болуусу керек.
Ал эми комитеттин төрагасы Мурадил Сыдыков алдыда көйгөйлүү курулуш объекттери боюнча көчмө жыйын уюштурула турганын, анда комитет Курулуш министрлиги менен мэриянын өкүлдөрү болуп, маселелерди талкуулай тургандыктарын билдирди.