Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов «тергөө абагында сабалды» деген маалымат жалган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Биздин атайын ыкчам топ барып, Кимсановго жолугуп келди. Ал өз колу менен түшүнүк кат жазып бериптир, анда эч кандай коркутуп-үркүтүү, кол көтөрүү болбогонун, эч кимге доосу жок экенин жазып берген. Тергөө абагынын коридорлорунда түнү-күнү камералар онлайн тартипте иштейт», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ал эми Кимсановдун аялы Мария Заворотняя фейсбуктагы баракчасына «10-апрелде менин күйөөмдү тергөөгө алып келишкен. Адвокат анын СИЗОдо сабалганынын далилдерин сүрөткө тартып алган» деп жазып, Кимсановдун колу көгөргөн сүрөтүн жарыялады.
Ошол эле чурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов 13-апрелге караган түнү сабалганы тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева фейсбуктагы өздүк баракчасына жазган.
«ЖАМКтын нөөмөт бөлүмүнө байланышканымда, «иш убактысы бүткөнүнө байланыштуу текшерүү жүргүзүлбөйт» деп жооп беришти. Анда тергөө абагынын нөөмөтчүлөрү эмнеге отурушат? Мамлекет Кимсановду абакка камаган соң, анын коопсуздугуна жана саламаттыгына да жооп берүүгө тийиш»,- деп билдирген жактоочу.
Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Ал башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин аны Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу адам токмоктогону тууралуу жазган арызынын негизинде быйыл февралдын этегинде Орусиядан кармалып келген жана сот чечими менен үй камагына чыгарылган. Кийин Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилген.
Кошумчалай кетсек, Кимсановдун өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын анын адвокаты жана жакындары өткөн аптада да айтып чыгышкан.