• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Киношок-2018» фестивалында кыргызстандык төрт тасма сыйлыкка татыды

10 Аяк оона 2018 9:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.09.2018.Govori.TV.
Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок-2018» фестивалында кыргызстандык киночулардын төрт тасмасы сыйлык алды. Кинематография департаменти кабарлагандай, «Эң мыкты сценарий» багытындагы баш байге Таалайбек Кулмендиевдин «Мунабия» фильмине ыйгарылды.

Режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү авария” тасмасына эң мыкты операторлук иш жана мыкты музыка номинациясындагы байгелер берилди.

Кыска метраждуу фильмдер арасынан Аскар Нуракун уулунун «Киноман» тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыды.

Даректүү фильмдер боюнча атайын дипломго Токтобек Үсөновдун «Аялга татыксыз түйшүк» тасмасы ылайык деп табылды.

1992-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан «Киношок-2018» фестивалы быйыл 2-9-сентябрда өттү.
Фестивалга КМШ мамлекеттеринен, Балтика өлкөрүнөн тасмалар сунушталат. Быйыл 60тан ашуун фильм катышты.
Количество просмотров: 21