• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Киров суу сактагычына төгүлгөн саркындылар. Окуяны комиссия териштирет

21 Бирдин айы 2022 15:03 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун Бейшеке айыл аймагында суу сактагычты булгап жатат деген мал союучу жайдын ээсине эскертүү берилди. Бул тууралуу Govori.TVга Кара-Буура райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемилогиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Элина Качыбекова билдирди.

Качыбекова өзү жерине барып көргөнүн айтып, окуя боюнча атайы комиссия түзүлгөнүн белгиледи.

«Бул маселе боюнча атайы комиссия түзүлдү. Анын курамына акимчилик, айыл өкмөтү, райондук ички иштер башкармалыгы жана райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы кирди. Жерине барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен эскертүү берилди. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция чара көрмөй болду. Анткени суу сактагыч санитардык коргоо зонасына кирет»,-деди ал.

Буга чейин жергиликтүү тургундар мал союучу жайдан чыккан кан суу сактагычка кошулуп жатканын ырастаган видео, сүрөттөрдү редакцияга жиберген болчу.

Количество просмотров: 123