• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Китептеги ката. Министрлик комментарий берди

3 Баш оона 2023 11:51 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги интернет колдонуучулар арасында талкуу жараткан китеп боюнча маалымат таратты.

Такталган маалымат боюнча бул китеп 2014, 2021-жылдары авторлордун жеке каражаттарына басылып, коммерциялык максатта сатыкка чыгарылган.

«Жогоруда аталган китеп министрликке караштуу Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан да, “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору тарабынан да тиешелүү экспертизалардан өткөрүлгөн эмес. Ошондой эле жыл сайын министрлик тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарына окуу процессинде колдонуу үчүн сунушталуучу окуу китептеринин тизмесине киргизилген эмес. Министрлик тиешелүү экспертизалардан өткөрүлбөгөн китептерди колдонууга сунуштабайт»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарга сүрөт тарап, кызуу талкуу жараткан. Анда англис тили боюнча балдар окуу китебинде “көңүлдүү” жана “шаңдуу” деген сөздүн англис тилинде окулушун кыргызча жазышкан.

Количество просмотров: 82