Бүгүн 2-февралда Кыргыз либерал демократиялык партиясы коомчулукка өзүн жана алдыдагы пландары менен тааныштырууда. “Жаңылануу мезгили” деген чакырыктын алдында өтүп жаткан жыйында КЛДПнын эл алдына өздөрүн биринчи жолу тааныштыруушууда.
Айта кетсек КЛДПнын үч тең төрагасы бар. Алар ЖК депутаты Жанар Акаев, Экономика министринин мурдакы орун басары Эльдар Абакиров жана Сейтек Качкынбаев.
Алар партиясынын курамында жеке ишкерлер, активисттер бар экенин айтышууда. Ал эми депутат Акаев учурда катарына кошуу максатында ЖКдагы беш-алты жаш депутат менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Жыйынга Медеткан Шеримкулов, ЖК депутаттары Мирлан Жээнчороев, Наталья Никитенко, Алтынбек Жунус уулу жана башка коомдук ишмерлер, жарандык активисттер жана жай жарандар катышууда.