• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

 ӨКМ айдоочуларга кайрылды

15 Бештин айы 2023 17:48 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 15-17-декабрь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундаа, тактап айтканда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

ӨКМ кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болгондорду «112» ыкчам номерине чалуу керектигин билдирет.

Теги:
Количество просмотров: 115