• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ӨКМ алыскы жолго чыккан айдоочуларга кайрылды

23 Жалган куран 2022 19:41 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго аттандан айдоочуларга кайрылып, Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убак-убагы менен чектөө киргизилип турарын эске салат.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чара Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар үзгүлтүксүз жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында көрүлгөндүгү кабарланат.

«Узак жолго камынып алган жүргүнчүлөр жана айдоочулар жол кырсыгынын алдын алуу үчүн трос, дөңгөлөк чынжыры, күрөк жана дары-дармек, суу, тамак-аш алууну унутпаңыздар. Зарылчылыгы жок болсо, алыскы жолго чыгуудан убактылуу баш тартууну суранабыз. Учурда каар жаап жаткандыгына байланыштуу кар көчкү жана кар күрткү түшүү коркунучу күтүлүүдө», — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда 112 ыкчам номерине кайрылуу керек.

Количество просмотров: 136