• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ӨКМ: Батирден 72 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

8 Бештин айы 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Шопоков шаарындагы батирден 72 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти

Маалыматка ылайык, Шопоков шаарынын Дзержинский көчөсүндө жайгашкан батирдин эшигин ачып берүү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган дарекке 2 куткаруучу саат 20:00дө чыгып, саат 20:24тө батирге терезе аркылуу кирип эшикти ачып беришкен.

Батирдин ичинде 1949-жылы туулган Ю.Л. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Каза болгон жарандын сөөгүн куткаруучулар райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 486