• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ӨКМ: Бишкекте суу каптаган жерлер тазаланып жатат

16 Бештин айы 2023 10:00 Бишкек Govori.TV

Суу каптаган жерлер тазаланып жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнүн күн батыш тарабында (Донецкий көчөсүнө жакын) Ала-Арча дарыясынын нугу музга толуп, суулар ашып мечиттин жана унаа сатуучу салондун короолорун, унаа жолду кар аралаш суулар каптаган.

Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 1 экскаватор, 2 Хово тартылып, тазалоо ишин жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары түнү менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн чатыр тигилип, ысык чай уюштурулду.

Тазалоо ишине ошондой эле «Тазалык» ишканасы, «Бишкек Суу канал» «Бишкек жашыл чарба» ишканасы «Бишкек «Бишкекжылуулукэнерго» «Бишкекасфальтсервис» ишканасынан жалпы 31 техника жана 50дөн ашуун кызматкер тартылып, тазалоо иш чараларын аткарууда. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 111