• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ чек арага жакын жашаган тургундарды көчүрүү үчүн атайын техникаларды жөнөттү

27 Үчтүн айы 202223:22 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы жарандык коргонуу кызматы өзгөчө кырдаал режиминде иш жүргүзүп жатканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам саат 20:00дөн тарта чек арага жакын кыргыз айылдарын коопсуз аймактарга көчүрүү башталды. Аларды эвакуациялоо үчүн ӨКМ 10 «Мерседес-Спринтер», 2 «Камаз» жана облустагы куткаруучулардын баары жөнөтүлдү. Унаа жетишпеген айрым учурларда жергиликтүү эл жеке унаалары менен көчүп кетишүүдө.

Көчүрүлгөн эл Баткен шаарындагы мектептерге жана Рават айылына жайгаштырылууда. Облус борборуна келген эл тамак-аш менен камсыздалды

Количество просмотров: 98